Алайкууда этнофестиваль ыр-бий менен уланууда
Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө “Алайкуу-2018” этно-фестивалынын экинчи күнү, оюн-зоок жана ыр-бий менен менен коштолгон концерт менен уланды. Бул тууралуу жеринен, иш-чаранын уюштуруучулары "Азаттык" радиосуна кабарлашты.
Сай-Талаа айылында өтүп жаткан иш-чарада мындан сырткары улуттук тамак-аш даярдоо, сувенирдик буюмдарды жасоо боюнча мастер-класстар өтүп жатат. Фестивалдын программасына ал кыштактагы Боз үй шаарчасын, Гэст хаузду, кофекананы жана сүт цехтерин өзүнө камтыган “Экоферма Алайку” комплексинин бет ачары болду.
Кечээ башталган фестивалдын алкагында улуттук оюндар боюнча мелдештер да уюштурулууда.
Иш-чарага эки миңден тегерегинде жергиликтүү тургундар жана туристтер катышууда. Алардын арасында кыргызстандык жана чет элдик туристтик агенттиктердин өкүлдөрү да бар.
Фестивалды “Алайку Органикс” уюму, Ишкерлердин аймактык кеңеши, “Кыргыз Экотуризм” туроператорлор ассоциациясы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү уюштурууда. Аларга “Ош облусунун интеграциялык өнүгүшү” долбоорунун алкагында Орусия Федерациясы каржылык көмөк көрсөтүүдө.
Ушул өңдүү фестивалдар 2017-жылы Кара-Кулжа районунун Кайың-Талаа айылында, Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылында жана Өзгөн шаарында да өткөн. (ErN)