Ардагер офицерлерге окуу курстары ачылды
Кыргызстанда пенсия жашындагы аскер кызматкерлери үчүн англис тили, компьютердик программалоо боюнча курстардын кезектеги катышуучулары белгилүү болду. 2010-жылдан бери НАТОнун колдоосу менен 1200дөн ашуун офицер кошумча адистик алышты. Алдыдагы үч айда дагы 120дан ашуун аскер кызматкери билим алышат.
Бишкек, Талас, Жалал-Абад баштаган бир нече шаарларда НАТОнун каржылык колдоосу менен пенсия жашындагы офицерлерге багытталган курстар кайрадан жаңы топторду алды.
Бул социалдык долбоордун максаты иштен кеткен офицерлерди кадыресе жашоого аралаштыруу менен алардын күнүмдүк каржы маселесин чечүү болуп саналат. НАТО Украина менен Кыргызстанда мындай долбоорду ишке ашырып келет. Окууну бүткөн миңден ашуун офицерлердин 75 пайызы иш менен камсыз болуп жатканын НАТОнун өкүлү Кристофер Штаудт “Азаттыкка” билдирди.
Курстардын ар бирине 18 кишиден турган офицерлер катышып, үч айдын ичинде IT технологиялары аркылуу бизнести башкаруу, веб дизайн жана англис тили багытында билим алышат. Долбоорду НАТО каржылап, Бишкекте "Тилмеч" фирмасы ишке ашырууда. (BCh)