ТЭЦтеги чырдан кимдер кутулуп, кимдер тутулат?
Жогорку Кеңеш кечээ ТЭЦти модернизациялоо долбоорун иликтеген депутаттык комиссиянын чыгарган корутундусун карашты. Анда Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоо келишимине байланыштуу ага кол койгон бардык министрлердин, ТВЕА компаниясынын чакыруусу менен Кытайга барган депутаттардын ишине саясий баа берүү, укуктук жоопкерчилигин кароо маселеси кабыргасынан коюлуп, тиешелүү аткаминерлер парламентке чакыртылды. Белгилей кетсек, депутаттык комиссия Кытайдын ТВЕА компаниясы менен сүйлөшүү […]