Тбилисиде түнкү клубдардагы рейдден соң нааразылык чыкты
![Тбилисиде түнкү клубдардагы рейдден соң нааразылык чыкты](https://gdb.rferl.org/BAC598E4-CBB6-4614-8637-6B587F9C1366_cx0_cy40_cw0_w800_h450.jpg)
Грузиянын баш калаасы Тбилисиде полициянын түнкү клубдарга жасаган рейдинен соң нааразылык акциясы башталып, күч кызматкерлери менен жаштардын ортосунда кагылышуу болду.
11-майдын кечинде полиция кызматкерлери шаар борборундагы "Басиани" жана "Галерея" деп аталган клубдарга капыстан кирип келген. Ички иштер министрлиги муну маңзаттын жайылышына каршы атайын операция деп түшүндүрдү. Анын алдында "клубдарда ашыкча маңзат колдонгон" төрт өспүрүм набыт болгону тууралуу кабар чыккан эле.
Клубдарга жасалган рейддин алкагында "маңзат таратат" деген шек менен сегиз киши кармалды.
Андан соң миңдей адам грузин парламентинин алдына нааразылыкка чыгып, күч кызматкерлери менен кагылышканы кабарланды. Анда дагы 20 адам кармалган. Арасында маңзатты легалдаштыруу кыймылынын лидери Зураб Жапаридзе да бар.