Жаш ойлоп тапкычтардын эмгектери
![Жаш ойлоп тапкычтардын эмгектери](https://gdb.rferl.org/dff2346f-41c8-4b0b-a07e-5cf38db72570_tv_w800_h450.jpg)
12-майда Бишкектеги Asia Mall соода борборунда “Илим жана техника” фестивалы башталды. Эки күнгө созулган иш-чарада мектеп окуучулары жана студенттер өз табылгаларын жармаңкеге чыгарышты. Анда роботтор, компьютердик программалар, заманбап технологияга негизделген илим-билимге багытталган колдонмолор жана башка эмгектер коюлган. Жекшемби күнү адистер жаш ойлоп табуучуларга мастер класс өтүшөт.