Роухани ислам өлкөлөрүн Израил менен мамилени үзүүгө чакырды
Ирандын президенти Хасан Роухани ислам өлкөлөрүн Израил менен мамилени үзүп, АКШ менен соода-экономикалык алакаларды кайра карап чыгууга чакырды. Роухани муну Вашингтон өз элчилигин Иерусалимге көчүргөндөн кийин айтты.
Иран президенти 18-майда Стамбулдагы мусулман өлкөлөрүнүн жыйынында АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясын дүйнө коомчулугу жана коопсуздук үчун “чоң коркунуч” деп атады. Дональд Трамп буга чейин АКШ Тегерандын дүйнөлүк державалар менен өзөктүк келишиминен чыгаарын жана Иранга каршы санкциялар күчөй турганын билдирген болчу.
Түркиянын Стамбул шаарында ИКУнун кезексиз жыйыны өтүп, анда Газа тилкесиндеги соңку абал талкууланды. Ислам кызматташтык уюму – 57 ислам өлкөсүнүн башын бириктирген эл аралык уюм. Кыргызстан ага 1992-жылдын 1-декабрынан бери мүчө.
14-майда АКШ президенти Дональд Трамптын чечими менен Кошмо Штаттардын элчилигин Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө каршы чыккан палестиндерге чек арада Израил тараптан ок атылган. Акыркы маалыматтарга караганда, чек арадагы кагылышта 60тан ашык палестиндик каза таап, 2800дөн көбү жарадар болду.