Украинада танкка каршы америкалык комплекс сыноодон өткөрүлдү
22-майда Украинада “Жавелин” аттуу үчүнчү муундагы танкка каршы америкалык комплекс сыноодон өткөрүлдү. Иш-чарага күбө болгон мамлекет башчы Петро Порошенко украин күчтөрүнүн дарамети кийинки жылдары кыйла өскөнүн билдирди. Анын айтымында, Орусия кол салса ушул коргонууга багытталган курал колдонулат. Президент Американын комплекстери өз натыйжалуулугун көрсөткөнүн белгилеп, Кошмо Штаттарга Украинага көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Сыноо Чернигов облусунда Орусия менен чек арага жакын жерде өткөрүлдү. Ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууга жана тынчтык келишимдерине жетишилгенине карабастан Украинанын чыгышында абал тынчый элек. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) шейшембиде согуштук аракеттер күчөгөнүн билдирди.