Bellingcat: Малайзиялык учакты атып түшүрүүгө ГРУ офицеринин тиешеси бар
Малайзиялык "Боинг" учагын атып түшүргөн Бук комплексинин Донбасска алынып келишине болжол менен ГРУнун офицери Олег Иванниковдун тиешеси бар.
Бул тууралуу Bellingcat ачык булактар уюму жана орусиялык The Insider сайты биргелешип жүргүзгөн иликтөөдө айтылат. Доклад авторлору дал ошол адам "Бук" жөнүндөгү телефон сүйлөшүүсүнө катышкандардын бири болчу деп эсептешет.
Журналисттердин маалыматы боюнча Иванников Украинанын жикчилдердин колундагы аймагында оперативдүү иштерди жүргүзүп келген. Өздөрүн “Луганск элдик жумурияты” (ЛНР) деп атаган чөлкөмдүн ошол кездеги башчысы Игорь Плотниковго түздөн түз буйрук берип, Орусиядан техниканын жеткирилиши үчүн жооп берчү деп болжолдонууда.
Иликтөөгө камтылган ошол телефон сүйлөшүүсүнө экинчи жагынан чыгыш Украинадагы аскердик аракеттерди Орусиядан башкарып турган киши катышкан.
Уюм өкүлдөрү ошондой эле Иванников Сириядагы урушка аскерлерди жөнөткөн “Вагнердин аскердик жеке компаниясын” жетектечү дешет. Бул маалыматты жакында жалданма аскерлердин бири ырастады.
Иликтөөчүлөр Иванниковго телефон чалышканын, анын үнү "Бук" боюнча телефон сүйлөшүүсүндөгү добушка окшош болуп чыкканын айтышат. Ошол эле маалда алар бул ишти териштиргенде офицердин аты-жөнүн билүүнү максат кылышканын, ал эми анын жүргүнчү учакка сокку уруудагы ролун Эл аралык тергөө тобу аныкташы керектигин белгилешти.
Орусия "Боингди" жок кылууга тиешеси жоктугун айтып келет.
2014-жылы Амстердамдан Куала-Лумпурга бараткан учак атып түшүрүлгөндө борттогу 298 киши мерт кеткен.