Кадамжайда 20 жыл мурда мектепти бүткөндөр мугалимге батир белек кылышты
![Кадамжайда 20 жыл мурда мектепти бүткөндөр мугалимге батир белек кылышты](https://gdb.rferl.org/B8B42B30-1BF5-4296-9EFD-7D21959E76DD_cx0_cy14_cw0_w800_h450.jpg)
Баткен облусунун Кадамжай районунда мектепти 20 жыл мурда бүтүргөн классташтар биринчи мугалимине батир белек кылышты.
Кара-Дөбө айылында Абдыкадыр Орозбек атындагы орто мектепти 1998-жылы аяктагандар мугалим Лолахан Маликовага Кызыл-Кыя шаарына жаңы салынып жаткан заманбап үйдөн бир бөлмөлүү батир алып беришти. Анын сертификатын алар бүгүн, 25-майда тапшырышты. Үйдүн курулушу жыл аягында бүтөрүн 20 жылдыгын белгилеп жаткандардын бири Өктөм Сапар уулу "Азаттыкка" билдирди.
Кызыл-Кыя шаары Лолахан Маликова буга чейин жашап, иштеген айылга жакын.
Кыргызстанда классташтардын 10, 20, 30, 40 жылдык жолугушуулары жыл сайын болот. Мурда оюн-зоок, зыяпат менен коштолсо, кийинки жылдары кайрымдуулук иштери, айылына, мектебине ар кандай ыкмада жардам берүү салты адатка айлана баштады. (SE)