Он күндө Кыргызстандын миграциялык мыйзамын бузган 13 учур катталды
Кыргызстандын Мамлекеттик Чек ара кызматы билдиргендей, укук коргоо органдары жана Миграция кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн "Нелегал - 2018" операциясы аяктады.
Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында өткөн операция мигранттардын мыйзамсыз аракеттерин аныктоо, мыйзамсыз миграцияга жана уюшкан кылмыштуулукка бөгөт коюу максатын көздөдү.
Он күнгө созулган операциянын жыйынтыгында Кыргызстандын миграциялык мыйзамын бузган 13 учур катталды. Алар Кытай, Орусия, Өзбекстан жана Казакстандын жарандары.
Операция маалында бир киши Кыргызстандан депортацияланып, укук коргоо органдары чек арадан мыйзамсыз өткөн деген негизде 14 кылмыш ишин козгоду.