Кыргыз журналисттери этиканы билеби?
![Кыргыз журналисттери этиканы билеби?](https://gdb.rferl.org/a1322a3d-864f-41bd-bcdb-d70d2824ac76_tv_w800_h450.jpg)
Бишкекте Кыргызстандагы журналисттердин республикалык конференциясы болуп өттү. Анда сөз эркиндигинин абалы, өлкөдөгү Жалпыга маалымдоо каражаттарынын этикалык жоопкерчилиги, алардын үстүнө келип түшкөн даттанууларды караган комиссиясынын ишмердүүлүгү талкууга алынды.