Казакстанда мектептердеги жоолук маселеси кайра козголду
Билим берүү министринин милдеттүү мектеп формасы жөнүндөгү 2016-жылкы буйругу мектеп администрациялары менен жоолук салынган кыздардын ата-энелеринин ортосунда талашка түшүп келген. Кыздар диний көз караштарынан улам жоолуктарын мектепте чечүүдөн баш тартып келатышат.
Ондогон ата-эне сотко доо арыз менен кайрылган, бирок соттор министрлик менен мектептердин чечимин колдошкон.