31-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Түнкүсүн тоо этектерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын облусунда жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Күндүз жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр болот.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 4...9, күндүз 22...27,
Баткенде түнкүсүн 7...12, күндүз 24...29,
Таласта түнкүсүн 3...8, күндүз 22...27,
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 7...12, күндүз 23...29,
Нарын, Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, күндүз 17...22,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 5...10 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 23…25 градуска чейин көтөрүлөт.