Ибраимов: Мага козголгон кылмыш иши боюнча жооп берүүгө даярмын
![Ибраимов: Мага козголгон кылмыш иши боюнча жооп берүүгө даярмын](https://gdb.rferl.org/EA193DEF-DB22-49EC-A9C7-5B47786D4DB7_cx16_cy9_cw69_w800_h450.jpg)
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов бул тууралуу "Апрель" телеканалында түз ободо маек куруп жатып билдирди. Ал өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча айтып жатып, "ТНК Дастан" ишканасы жабык ишкана экенин, ошондуктан телеканал аркылуу көп маалыматтарды айтууга мүмкүн эместигин билдирди. Ибраимов бул ишти саясий негизде козголгон деп да айта албастыгын белгиледи:
- Мен бул иштин артында саясат турат деп айта албайм. Анткени азыр бардык жерде, мекемелерде текшерүү жүрүп жатат. Мен аны кубаттайм. Ал эми мага козголгон иш боюнча чындыкты тергөө аныктайт, ал эми акыркы чекитти сот коет.
30-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы “ТНК Дастан” ишканасындагы мыйзам бузуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин ("Кызмат абалын пайдалануу менен ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуу") 4-бөлүгүнүн 1,2-пункттарында каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Тергөөнүн материалдарына караганда, 2012-жылдын январь айында “ТНК Дастан” ААКнын башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраимов менен “Дастан Инжиниринг” ЖЧКсынын башкы директору Асылгүл Сасыбаева жалпы суммасы 533 760 доллар суммасында 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү тууралуу келишим түзгөн. Мында ар бир комплекттин баасы 6 672 доллар суммасында белгиленген.
Ошол эле учурда “Дастан Инжиниринг” мекемеси Украинанын мамлекеттик компаниясы менен да келишим түзүп, ал буюмдардын партиясын 14 400 долларга сатып алган (партияны алып келүүгө 49 миң доллар сарпталган). Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 360 долларга барабар болгон.
Муну менен “ТНК Дастан” жана “Дастан Инжиниринг” ишканаларынын ортосунда түзүлгөн, баасы атайылап жогорулатылган келишимдин негизинде мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.
“Дастан Инжиниринг” ЖЧКсынын 30% үлүшү ошол учурда “ТНК Дастан” ААКсына тиешелүү болгон. Факт боюнча тергөө жүрүп жатат. (ZKo)