Жөрмөлөгөн бөбөктөрдүн жарышы өттү
Ошто “Менин алгачкы ийгилигим” деп аталган жөрмөлөгөн бөбөктөрдүн мелдеши өттү. Анда буту баса элек балдар килем үстүндө беш метр аралыкка жөрмөлөп жарышышты. Ага 6 айдан 1 жашка чейинки 70ке жакын бала катышты. Мындай мелдеш Ошто биринчи жолу болуп жатат.