Кыргызстанда жыл башынан бери 154 миңден ашуун бала төрөлдү
![Кыргызстанда жыл башынан бери 154 миңден ашуун бала төрөлдү](https://gdb.rferl.org/F5CD442C-8B6D-4E09-AD8F-5FF7B962FE2A_w800_h450.jpg)
Кыргызстанда 2018-жылдын башынан бери 154 миңден ашуун ымыркай жарык дүйнөгө келди. Анын 79 миңи эркек, 75 миңи кыз. Бул тууралуу маалымат Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында жарыяланды.
Кыргызстанда ушул тапта 18 жашка толо элек 2 миллион 312 миң бала болсо, алардын 51% эркектер. 2017-жылга салыштырмалуу балдардын саны 2,2% же 49 миңге көбөйдү.
Баяндамага ылайык, төрөгөн энелердин 23 пайызында расмий никеси жок. Башкача айтканда, бул жаңы төрөлгөн ар төртүнчү ымыркайга туура келет. Статистика комитетинин маалыматы боюнча, соңку жылдары диний нике менен жашап, расмий каттоого турбаган жубайлардын саны өсүүдө. (SE)