Италиянын жаңы премьери: Орусия менен кызматташтыкты колдойбуз
![Италиянын жаңы премьери: Орусия менен кызматташтыкты колдойбуз](https://gdb.rferl.org/33003DE9-3277-415F-9441-313C887C31B8_w800_h450.jpg)
Италиянын жаңы шайланган премьер-министри Жузеппе Конте анын өкмөтүнүн негизги иштеринин бири мыйзамсыз миграцияны токтотуу жана Орусия менен байланышты бекемдөө болоорун айтты. Ал Орусия менен ачык кызматташтыкты, анын ичинде Европа Бримдигинин Орусияга каршы санкцияларын токтотууну жактаарын билдирди. Бул тууралуу Жузеппе Конте 5-июнда өлкөнүн жогорку палатасы – Сенатта сүйлөп жатып айтты.
“Биз Орусия менен кызматташтыкты колдойбуз. Орусия акыркы жылдарда түрдүү геосаясий кризистерде консолидацияланды. Санкциялардын кайра каралып чыгышын сүрөөнгө алабыз. Бул ишти жарандык коомго залакасын тийгизген санкциялардан баштайбыз” деди Жузеппе Конте.
Ал мындай пикирин Владимир Путин Венага жасаган сапарына тушташ айтты. Орус президенти 5-июнда бийликте популисттер жана Орусия менен кызматташтыкты жактагандар отурган Австрияда болду.
"Санкциялар, саясий себептерден улам киргизилген чектөөлөр, протекционизм – мунун бардыгы бир катарда турган чаралар. Мунун бардыгы саясий маселелерди чечүү амалы, бирок масатка жетүүгө жардам бербейт. Демилге көтөргөн же бутага алынган тарап болобу, экөөнө тең зыян алып келет. Орусия сырткы чектөөлөрдөн келип чыккан бардык кыйынчылыктарды жойгонуна ишендирем, - деди ал Венадагы басма сөз жыйынында.
Евробиримдиктин Орусияга каршы экономикалык санкциялары 2014-жылдын жазында Крым аннексиялангандан кийин жана Москванын Украина чыгышында жикчилдерди колдогон аракеттерине байланыштуу киргизилген.