Үч саясатчы камалган соң Атамбаев үн катты
![Үч саясатчы камалган соң Атамбаев үн катты](https://gdb.rferl.org/7BCACF87-BA9E-4121-8610-D3F85997D2D8_w800_h450.jpg)
Экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун, мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовдун жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин камакка алынышына байланыштуу билдирүү таратты. Анда экс-президент бул аракеттерди “коррупция менен күрөш эмес, өч алуу” деп атады. Кийинки убакта камакка алынгандар боюнча коомчулукта да пикир бир кылка эмес.