Кыргызстандык дарыгерлер бөйрөк алмаштырды
![Кыргызстандык дарыгерлер бөйрөк алмаштырды](https://gdb.rferl.org/3efb5dc6-34b4-421b-990d-fc3ea9651013_tv_w800_h450.jpg)
Бишкектеги Эне-баланы коргоонун улуттук борборунда 24-майда 26 жаштагы Ысык-Көлдөн келген Нурлан аттуу жигитке бөйрөк трансплантациясы жасалды. Ага алгач ирет чет элдик адистер тартылган жок. Дарыгерлердин айтымында, чейин 2012-жылдан бери чет элден келген адистердин жетеги алдында 18 кишинин бөйрөгү алмаштырылган.