Данияр Абдыкаровдун Түркияда экени аныкталды
Буга чейин ИИМ Данияр Абдыкаровдун өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалымат текшерилип жатканын билдирген болчу. Маалыматка ылайык, Абдыкаров өлкөдөн сыртка чыгыш үчүн министрдин уруксатын алышы керек болчу.
Генерал Данияр Абдыкаров - ички иштер министринин ыкчам иштер боюнча орун басары. Буга чейин анын дарегине карата парламентте жана маалымат каражаттарында бир катар сын-пикирлер айтылып келген. (КЕ/ЕВМ)