Иранда “террордук чабуул” уюштурууга шектелген 27 киши кармалды
Иран бийлиги орозо айында чабуулдарды пландаган “террордук түйүндүн” 27 мүчөсү камакка алынганын билдирди. Чалгын министрлиги интернет сайтына жарыялаган билдирүүдө кармалгандар Тегеранда жана башка чоң шаарларда “террордук операцияларды” жасоону көздөгөнү айтылат. Министрлик бир топ курал-жарак жана ок-дары конфискацияланганын маалымдады.
Билдирүү Ирандын сакчылар корпусу коңшу Ирактан кирүүнү көздөгөн “террордук топтордун” үч жолку аракетинин мизи кайтарылып, 13 киши өлтүрүлгөнү жарыялангандан кийин чыкты.
Былтыр 12-июнда Тегеранда куралчан адамдар парламент имаратына жана аятолла Хомейнинин күмбөзүнө кол салышкан. Анда 13 кишинин набыт болгону айтылган. “Ислам мамлекети” экстремисттик уюму кош чабуулду ишке ашырганын мойнуна алган.