Грузияда өкмөт башчы Георгий Квирикашвили кызматтан кетти
![Грузияда өкмөт башчы Георгий Квирикашвили кызматтан кетти](https://gdb.rferl.org/DAC0F2A5-1FAF-4CCF-920F-F347DD4943FA_w800_h450.jpg)
Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили өзү жетектеген кабинет менен чогуу кызматтан кетти. Ал миллиардер Бидзина Иванишвилинин бийликтеги «Грузин кыялы» партиясы менен «кескин пикир келишпестиктен» улам ушундай чечимге келгенин түшүндүрдү.
13-июнда Квирикашвили атайын маалымат жыйын өткөрдү. 50 жаштагы Квирикашвили грузин өкмөтүн 2015-жылдан бери жетектеп келди.
31-майда Тбилисиде нааразылык митингдери башталды. Буга былтыр декабрда киши колдуу болгон эки өспүрүмдүн өлүмүн иликтөөдө укук коргоо органдарындагы мыйзам бузуулар түрткү болгон. Митингдер 6-июнда токтоп, бирок полиция демонстранттардын чатырларын чечип, оппозициялык саясатчылар менен алардын талапкерлерин кармай баштаганда 10-11-июнда кайра жанданган.
Квирикашвилинин кабинети жаңы өкмөт куралгыча убактылуу иштеп турат. Грузиянын президенти жети күн ичинде өкмөт башчыга талапкерди көрсөтүп, аны парламенттик көпчүлүк колдошу керек.