Айт намаз саат 7:30да окулат
![Айт намаз саат 7:30да окулат](https://gdb.rferl.org/84B2525E-12F7-4F9C-967B-4537AD4C54FE_cx0_cy12_cw0_w800_h450.jpg)
Кыргызстанда орозо айт намазга чогулуу 15-июнда эртең мененки саат 6:15те башталат. Муфтияттын басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлагандай, саат жетиге чейин дин аалымдарынын баяндары угулат. Андан соң өкмөт башчы менен муфтийдин куттуктоолору айтылып, саат 7:30да намаз окулат.
Орозо аяктап, айт майрамы белгиленип жаткандыктан Кыргызстанда 15-июнь эс алуу күнү деп жарыяланган.
Айт намаз Бишкекте Эски аянтта жана чоң мечиттерде окулат. Ош шаарындагы Борбордук аянт оңдолуп жаткандыктан, иш-чара “Сулайман-Тоо” мечитинде болот.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия майрамга байланыштуу элге куттуктоо жиберип, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жарандарды салым кошууга чакырды. (SE)