Йеменде негизги порт үчүн кармаш жүрүп жатат
![Йеменде негизги порт үчүн кармаш жүрүп жатат](https://gdb.rferl.org/0086DD51-DCD8-4DD6-97A6-CB4E9359D77F_w800_h450.jpg)
Йеменде Саудия жана анын союздаштары колдогон өкмөттүк аскерлер Кызыл деңиздеги негизги порт Ходейданы иранчыл хусилер тобунан тартып алганы калышты. Маалымат агенттиктери кабарлаганына караганда, ушу тапта Ходейданын аэропортунун тегерегинде атышуу жүрүп жатат. Шаар дээрлик курчоодо калды. Эки тараптан тең оор жоготуулар бар экени кабарланууда.
Ходейда аркылуу Йемендин хусилер кармап турган райондоруна, анын ичинде борбор шаар Санага жүктөр өтөт.
Бириккен Улуттар Уюму “эгер шаарды тарттырып жиберишсе бул аймактарга гуманитардык жардам жеткирүү мүмкүн болбой калышы ыктымал” деп кооптонуп жатат.
Йемендеги тирешүү бир нече жылдан бери уланып келе жатат. Эл аралык коомчулук тааныган, Саудия колдогон өкмөт Иран колдогон хуси козголоңчулары менен кармашууда.
Хусилердин колунда борбор калаа, ал эми алардын каршылаштары жээктеги аймактын көпчүлүгүн көзөмөлдөп турат. (RK)