Баткенде сел жүрүп, Ош-Баткен-Исфана жолун каптады
![Баткенде сел жүрүп, Ош-Баткен-Исфана жолун каптады](https://gdb.rferl.org/741CB901-734D-4C87-BA5B-B7FC9F23BDE3_cx0_cy6_cw0_w800_h450.png)
Бүгүн, 20-июнда саат 15:30 чамасында Баткен облусунун Баткен районунда жааган жаандын кесепетинен сел өтүүчү сайдан селдин суусу ашып, Ош-Баткен-Исфана автоунаа жолунун 280-чакырымын (Ак-Татыр айыл аймагы) каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Учурда сел каптаган жерден оор жүк ташуучу автоунаалар өтүп жатышат.
Мындан сырткары Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылындагы Керме-Тоо тилкесинде 15 үйдүн жер тилкелерин сел каптаган.
Жеринде тактоо иштерин жүргүзүш үчүн райондук жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетти.
15-июндан берки катуу жаан-чачындан улам Баткен облусунда жалпысынан 259 үйдү сел каптаган. Буга байланыштуу Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. (ErN)