Сатыбалдиев тергөө бүткүчө камакта калды
![Сатыбалдиев тергөө бүткүчө камакта калды](https://gdb.rferl.org/93ec1d8b-120b-4bf7-a354-9e6c254ac706_tv_w800_h450.jpg)
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Мирлан Термечиков экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин бөгөт чарасын карап, аны тергөө бүткүчө эки айга камакка алуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.