Ирандын жогорку лидери соңку демонстрациялар тууралуу үн катты
![Ирандын жогорку лидери соңку демонстрациялар тууралуу үн катты](https://gdb.rferl.org/898E2571-3493-47F7-8C24-F38CD63B604A_w800_h450.jpg)
Аятолла Али Хаменеи өлкөнүн сот системасын “адам өмүрү менен ишкерликтин” коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кадам коюуга чакырды.
Ал бул тууралуу бүгүн өлкөнүн сот системасынын өкүлдөрү менен жолуккан учурунда айтты. Бул Ирандын жогорку лидеринин өлкөдө соңку нааразылык акциялары башталгандан бери эл алдында биринчи сүйлөшү болду.
25-июнь күнү Тегеранда парламент имаратынын сыртына чогулган демонстранттарды коопсуздук күчтөрү көздөн жаш агызуучу газ чачыратып тараткан. Бирок нааразылык акциялары эртеси күнү да уланып, Тегерандын Чоң базары убактылуу жабылышына себеп болгон.
Ал эми президент Хасан Роухани 26-июнда телеканалдан сүйлөгөн учурунда өкмөттүн кирешелери азайбаганын айтып, алар АКШнын эми күчүнө кирүүчү экономикалык санкцияларына туруштук бере аларына ишендирген.
АКШнын санкцияларынын кайра жанданышы Иранга мунай экспортунан түшкөн чет элдик валюта кыйла азаят дегенди билдирет. Мындан улам ирандыктар колундагы акчасын чет элдик валютага алмаштырууга ашыгып, бул өз кезегинде улуттук акча риалдын курсу төмөндөшүнө салым кошкон.
Ал арада АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бүгүн "Твиттердеги" баракчасында “Ирандын корупциялык режими өлкөнүн ресурстарын Сириянын президенти Башар Асадды колдоого, исламчыл ХАМАС, “Хезболла” топторун, Йемендеги хусит козголоңчуларын каржылоого сарптап жатат. Иранда нааразылык уланып жатканына таң калбаш керек. Адамдар коррупциядан, адилетсиздиктен, өз лидерлеринин компетентсиздигинен чарчады”, - деп жазды.