Бишкекте маршрутка күйүп кетти
![Бишкекте маршрутка күйүп кетти](https://gdb.rferl.org/34F33610-E5F9-4CFF-8843-374EB5D82EE7_cx0_cy73_cw0_w800_h450.jpg)
Бишкектин Жал кичи районунда кечки саат тогуз чамасында эл ташыган маршрутка күйүп кетти. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна Өрт өчүрүү кызматы ырастады.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.
Машина күйүп кеткени тууралуу кабар “Тез жардам” кызматына да түшкөн. (КЕ)