Президент сергек жашоону даңазалоого чакырды
![Президент сергек жашоону даңазалоого чакырды](https://gdb.rferl.org/CA93E0F4-B516-46A1-BDF7-7548E21B61F2_w800_h450.jpg)
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда сергек жашоону даңазалаган маданиятты калыптандырууга чакырды. Бул тууралуу саламаттык сактоо кызматкерлеринин жана ардагерлеринин кесиптик күнүнө карата жолдогон куттуктоосунда айтылат.
- Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагы модернизациялоого, материалдык-техникалык ресурстарын жакшыртууга муктаж. Өлкөбүздүн бардык региондорунда, айрыкча айыл жерлеринде саламаттык сактоону өркүндөтүп, өнүктүрүүгө тийишпиз. Медицина тармагындагы артыкчылыктуу багыттарды аныктаган жаӊы улуттук программаны иштеп чыгып, кабыл алуу зарыл. Электрондук заманбап методдорду кеӊири жайылтуу менен информациялык саламаттык сактоо системасын түзүү маселеси бышып жетилди, - деп жазылат Президенттик аппараттын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.
Мамлекет башчы медициналык кызматтын сапатын жогорулатууда башкы роль — кесипкөй, өз ишине чексиз берилген, мээрман дарыгерлерге таандык экенин кошумчалаган.
Кыргызстанда ак халатчандардын кесиптик майрамы июль айынын алгачкы жекшембисинде белгиленет. Бул күн 1993-жылдын 8-июнунда өкмөттүн токтому менен бекитилген. Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө 47 миңден ашуун медицина кызматкерлери эмгектенет. (SE)