Ренат Самудинов: жубайым менен АКШда мыйзамдуу жашап жүрөбүз
Жарандык активист Ренат Самудинов жана жубайы, журналист Элнура Молдокадырова менен АКШнын Чикаго шаарында экенин, расмий түрдө башпаанек алып, легалдуу жашай башташканын билдирди. Бул тууралуу видеокайрылууну алар 29-июнда Интернетке жарыялашты.
Самудинов Калифорния штатында мигранттарды кармаган атайын жайда сегиз ай болушканын белгилейт.
Былтыр Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырова Мексиканын чек арасы аркылуу АКШга кирип жатканда кармалганы кабарланган. Алардын башпаанек сураган өтүнүчүн АКШнын миграциялык соту карап жаткан эле.
Кыргызстандын АКШ менен Канададагы элчилиги жубайлар уруксат берүүчү документтери жоктугуна карабай, АКШнын чек арасынан өтүүгө аракет кылып жатканда кармалганын маалымдаган.
Ренат Самудинов 29-июндагы видеокайрылуусунда Кыргызстандан чыгып кетүү себебин өзүнө жана үй-бүлөсүнө мурдагы бийлик адамдарынан коркутуулар болгону менен түшүндүрдү. Ал четтен туруп да өлкөсүнүн өнүгүүсүнө салым кошо берерин айтты.
Ренат Самудинов КСДПнын жаштар канатынын лидери болуп келген. Анын көз карашы партия менен төп келбей калгандыктан 2017-жылдын августунда партиядан чыгарылган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги алардын жагдайын билүү үчүн АКШнын тиешелүү органдары менен байланышып жатканын билдирген.
Жубайлар кармалгандан бери коомчулукка чыга элек болчу. (SE)