Бишкекте жол кырсыгына кабылган автоинспектордун мас болгону айтылууда
Бишкекте автоинспектор жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, жол кырсыгы 2-июлга караган түнү саат 2.30 чамасында Бишкектин Жантөшев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Жол кырсыгына кабылган "Nissan" машинесинде автоинспектор болгон. Ал өз машинеси менен башка жол коопсуздук кызматкерлеринин кызматтык автоунаасын сүзгөн. Азыркы учурда окуянын чоо-жайы боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.
Баштапкы маалыматтарда машине сүзгөн инспектор мас абалында болгону айтылууда. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кызматтык иликтөө бүткөндөн кийин толук маалымат берилээрин билдирди.
Бул - акыркы эки күндөн бери автоинспекторлор аралашкан экинчи кырсык. 1-июлда таңкы саат төрт жарымдарда Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда автоинспекторлор кабылган аварияда эне-баланын өмүрү кыйылган. Бир инспекторду кошкондо үч киши оор абалда ооруканага жеткирилген. Чүй облустук жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы эки кызматкер Боом капчыгайында кезметин бүтүп, Бишкекке келатканда каршылаш тилкеге чыгып кеткен "Toyota Avensis" машинеси менен кагылышканын маалымдаган. "Toyota Avensis" менен келаткандар "тойдон кайткан, айдоочу рулда уктап кеткен болушу мүмкүн" деп кабарлаган.