Майрам күнү Алматыда эки киши кармалды
Эки шаарда тең маараке өтө турган аймактар тосмолонгон.
Ал тапта жума күнү кечке жуук Алматыда бир кишини полиция кармап, атайын унаа менен алып кетишкенин “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Ал киши эмне үчүн кармалганын билбей турганын айтканга үлгүргөн.
Алматы шаардык ички иштер департаменти ал адам ким экенин жана эмне үчүн кармалганын айтуудан баш тартты. Андан көп узабай дагы бир адам кармалган.
Буга чейин оппозициячыл саясатчы, чет өлкөдө баш калкалап жүргөн Мухтар Аблязов социалдык сайттар аркылуу элди 6-июлда нааразылык акцияларына чыгууга чакырган.