Бишкекте жасалма акча жүгүртүү фактысы аныкталды
![Бишкекте жасалма акча жүгүртүү фактысы аныкталды](https://gdb.rferl.org/28825120-6BF8-4841-8E02-2F9E40F03507_w800_h450.jpg)
Бишкек шаарындагы банктардын биринде жасалма акча келип түшкөнү такталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.
Анын маалыматында айтылгандай, банктын жетекчилиги кардарлардын бири эсебин толукташ үчүн күмөндүү акча бергени тууралуу даттанган. Териштирүү учурунда алынган 100 долларлык 10 купюра (1000 АКШ доллары) кийин экспертизадан жасалма экени аныкталган. Акча каражаты электрографикалык лазердик принтерден басылып чыкканы белгилүү болду.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 198-беренеси (“Жасалма акчаны жана баалуу кагаздарды жасоо, сактоо жана пайдалануу”) менен кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.
Финансы полициясы жасалма акча иштетип жаткандарды көрүп калгандардан мекеменин кеңсесине же 195 кыска номерине чалып коюну өтүнөт. (ErN)