Президент Конгантиевдин кылмыш ишин иликтөөнү Башкы прокуратурага тапшырды
Президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратурага мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин иликтеп, анын жыйынтыгына укуктук баа берүүнү тапшырды.
Жээнбеков бул тууралуу 12-июлда Талас облусундагы иш сапарында эл менен жолугушкан учурда билдирди. Президент 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин чечими менен прокуратура кызматтык, экономикалык жана коррупция боюнча мурда токтотулган кылмыш иштерин иликтеп чыкканын айтты.
- Булардын арасында 2010-жылы козголгон жана ошол жылдын 28-сентябрында өндүрүштөн токтотулган мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши да бар. 2018-жылдын 29-майында тергөө кайра жанданып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Мен Башкы прокуратурага бул кылмыш ишин кайрадан кылдат изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырдым, - деген Жээнбеков ушу тапта мурда токтотулган жана кыскартылган 500дөн ашык кылмыш иши иликтенип жатканын кошумчалады.
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге козголгон иш “кылмыш аракети жок” деген жүйө менен 18-июнда кыскартылганын 5-июлда анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирген. Кийинчерээк муну УКМК да ырастаган.
Башкы прокуратура Конгантиевге 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 305-316-беренелери ("Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу", "Шалаакылык") менен кылмыш ишин козгогон. (NT)