Орусия Вашингтондун айыптоосун кескин сындады
Буга чейин Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги Орусиянын Башкы аскерий чалгын мекемесинин (ГРУ) 12 кызматкерине айып таккан эле. Анда орус чалгынчаларын Американын Улуттук демократиялык комитетинин, президенттикке талапкер Хиллари Клинтондун, АКШнын Демократиялык партиясынын комитетинин серверлерин бузган деп күнөөлөшкөн.
АКШ Башкы прокурорунун орун басары Род Розенштейн 13-июлда жарыялаган маалыматка ылайык, 2016-жылы ГРУнун өкүлдөрү Клинтондун штабынын кызматкерлерине жана ыктыярчыларына караштуу компьютерлерге чабуул коюу операциясын башташкан.
Башкы прокуратуранын бул билдирүүсү АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия лидери Владимир Путиндин Хельсинкиде өтө турган алгачкы саммитине үч күн калганда жарыяланды.
Америкада 2016-жылы өткөн президенттик шайлоого Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү боюнча буга чейинки айыптоолорду Кремль жана Трамп өзү да четке кагып келишкен.