Британ полициясы уулуу “Новичоктун” калдыгын тапты
Лаборатория адистери дал ушул калдык Орусиянын мурдагы тыңчысы Сергей Скрипаль жана кызы Юлиянын ууланышы менен байланышы бар-жогун да аныкташат.
Дон Стержес 30-июнда Солсбери шаарындагы ооруканага эс-учун жоготкон абалда жеткирилген. Ошол эле күнү бир нече сааттан кийин Чарли Роули да ооруканага түшкөн.
Адистер "экөө тең “Новичок” химиялык затынан ууланган" деген тыянак чыгырышкан.
Быйыл мартта Солсбери шаарында мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлия да СССРде жасалган “Новичок” заты менен ууланып, дарыгерлер алардын өмүрүн сактап калышкан.