Аба ырайы: күн күркүрөйт
Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35,
Таласта түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35,
Баткенде, Ош менен Жалал-Абадда түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26,
Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...+4, күндүз 9…14 градус болот.
15-июлда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнүндө 18…20°, күндүз 32…34° ысык болот.