Трамп: Обама киберчабуулдарга каршы чара көргөн эмес
АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын 12 чалгынчысына айып койгон америкалык прокуратуранын чечими боюнча пикирин билдирди. Трамп "Твиттердеги" баракчасына айыптоо документиндеги факттар Барак Обама башкарган жылдарга туура келээрин жазды. Ошондой эле Трамп "америкалык атайын кызматтар президенттик шайлоого чейин, 2016-жылы Обамага бул боюнча маалымат берген учурда эмне үчүн эч кандай чара көргөн эмес?" деген суроо салды.
Дональд Трамп бул боюнча бардык суроолорду өзүнө эмес, мурдагы президент Барак Обамага жана Демократиялык партиядагы атаандашы Хиллари Клинтонго жолдош керектигин кошумчалады.
Буга чейин Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги Орусиянын Башкы аскерий чалгын мекемесинин (ГРУ) 12 кызматкерине айып таккан эле. Анда орус чалгынчыларын Американын Улуттук демократиялык комитетинин, президенттикке талапкер Хиллари Клинтондун, АКШнын Демократиялык партиясынын комитетинин серверлерин бузган деп күнөөлөшкөн.
Буга Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кескин жооп кайтарып, мындай аракеттер жакында өтчү америка-орус саммитинин алдында маанайды бузууну көздөйт деп билдирген.
Башкы прокуратуранын бул билдирүүсү АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия лидери Владимир Путиндин Хельсинкиде өтө турган алгачкы саммитине үч күн калганда жарыяланды.