Кичи-Памирдеги кыргыздардын башчысы каза болду
![Кичи-Памирдеги кыргыздардын башчысы каза болду](https://gdb.rferl.org/509424EA-FD52-4353-89BF-DA0EAB6A0683_w800_h450.jpg)
Ооганстандын аймагындагы Памир тоолорун байырлаган кыргыздардын башчысы Эраалы хан 68 жашында көзү өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган аймакты изилдеген журналист Жаңыл Жусупжан кабарлады. “Памир Пресс” басылмасы катуу ооруган ханды Тоолуу-Бадахшандан Мургабдагы ооруканага алып барышканын кабарлаган.
Эраалы хан 400 түтүнгө чукул кыргыздарды бир нече жылдан бери башкарып келген. Эми анын ордуна уулу Жээнбай Ооганстандагы кыргыздарга башчылыкка дайындалышы мүмкүн. (BCh)