Казакстан менен Өзбекстан биргелешкен аскерий машыгуу өткөрдү
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы билдиргендей, бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, Өзбекстандын аскерий делегациясынын сапары учурунда Казакстандын коргоо министри Сакен Жасузаков жана коңшу өлкөнүн коргоо мекемесинин башчысы Абдусалом Азизов "Эркин талаа" деп аталган, биргелешкен тактикалык -атайын машыгуунун активдүү фазасына катышты.
Машыгуунун жүрүшүндө Казакстан менен Өзбекстандын атайын операциялар боюнча күчтөрүнүн бөлүмдөрү түн ичинде күжүрмөн-чалгын милдеттерди аткарышкан.
Казакстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, эки өлкө бул машыгуунун кийинки этабын Өзбекстандагы "Фориш" окуу борборунун базасында өткөрүшөт. (UE)