Эксперттер Кумтөр кенин мамлекеттештирүүгө чакырышты
Бишкекте эксперттер "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда экологиялык жана экономикалык маселелерди, "Центерра Голд" компаниясынын мындан аркы ишин талкууга алышты. Анын жыйынтыгында өкмөткө "Кумтөр" кенин мамлекеттештирүү тууралуу сунуш берилди.
Талкууга катышкан өкмөттүк аппараттын өкүлү бул сунуш эске алына турганын билдирди. Ошол эле учурда ал Кумтөр боюнча буга чейин иштелип жатканы айтылган жаңы келишим тууралуу маалымат берген жок.
Жыйынды эксперттердин "Пикир" клубу уюштуруп, жыйынтыгында буга чейин түзүлгөн келишимдерди жокко чыгаруу жана кенди мамлекеттин карамагына алуу тууралуу резолюция кабыл алынды. Документ өкмөткө жиберилмей болду.
Буга чейин өкмөт Кумтөр кени боюнча жаңы келишимди карап жатканын спикер Дастанбек Жумабеков журналисттерге маалымат берип жатып билдирген.
Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кумтөр боюнча соңку келишимде өкмөт макул болбогон маселелер бар экенин айткан.
2017-жылдын 11-сентябрында өкмөт менен "Центерра Голд" компаниясынын ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге кол коюлган. Ага ылайык “Кумтөр” компаниясы “Калыбына келтирүү фондуна” жыл сайын 6 млн. доллар берээри айтылган.
Андан бери кенди сатып алууга кызыкчылыгы бар экенин Лондондо катталган “Чаарат Голд” ("Chaarat Gold Holdings Limited") компаниясы жарыялаган. (NT)