Аскер кызматкерлери үчүн учурда 297 батир курулуп жатат
![Аскер кызматкерлери үчүн учурда 297 батир курулуп жатат](https://gdb.rferl.org/AA5FD49E-1209-4D13-87CB-D73F850DB019_w800_h450.jpg)
Быйыл жарым жылда аскер кызматкерлерине 54 батир тапшырылды. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин батирдик-эксплуатациялык камсыздоо башкармалыгынын жетекчиси Сыргабек Жумабеков кабарлады. Анын айтымында, курулушту “Аскер Курулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзгөн.
Учурда аскер кызматкерлерине дагы үч үй, жалпысынан 297 батир салынып жатат. Алардын бирөө Бишкектин 12-кичи районунда, калган үч үй Ошто салынууда. Курулуш жыл аягына чейин бүткөрүлөт. (KR)