Индиялык студенттер даттанган окуу жай жетекчиси камакка алынды
Нургалы Асаналиев Москвага учуп кетээр алдында, “Манас” аэропортунан 27-июлда кармалган. Анын кармалышына үстүнөн түшкөн бир нече арыз себеп болгон. Анын ичинде окуу жайында билим алган элүүдөй индиялык студент ар бири 2900 доллардан келишим акы төлөп, окуудан чыгарып жибергенин айтып арыз жазышкан. Бул факт боюнча чет элдик студенттер Кыргызстандын президентине да кайрылган. Ишти Бишкек шаардык милициясы жана Финансы полициясы иликтөөдө.
Асаналиев өзү буга чейин ага коюлган айыптардын баарын четке кагып, студенттерди индиялык ортомчулар алдап кеткенин билдирген эле.
Бишкектеги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университети 2016-жылы ачылган. Билим берүү мекемеси бизнес, экономика жана медицина багытында орто жана жогорку кесиптерге окутат. Келишим акысы 1200 доллардан 2900 долларга чейин жетет. Бул аралыкта окуу жай 700гө чейин студентти топтой алган. (ErN)