Жети-Өгүздө "Алтын кум" фестивалы өтүп жатат
Алардан алынган маалыматка караганда, фестивалда футбол, волейбол жана самбо боюнча мелдештер кум үстүндө өтүп жатат. Андан тышкары суу оюндары боюнча да мелдештер уюштурулду.
Бул иш-чарага өлкөнүн аймактарынан спорттук командалар чакырылган. Алардан футбол боюнча 24 команда, кыздардын волейбол мелдешине сегиз команда, эркектердин волейбол мелдешине 15 команда жазылган. Мындан сырткары Тажикстандан да бир команда келди.
Бул фестивал экинчи ирет өтүп жатат. Ал былтыр да Тосор айылынын эс алуу аймагында болгон. Уюштуруучулар бул иш-чара айылдын жаштарын спортко, ыр-күүгө, маданиятка тартуу максатын көздөй турганын айтышты. (AsM\ErN)