Москвада түрмөдөгү Сенцовду колдогон баннер илинди
![Москвада түрмөдөгү Сенцовду колдогон баннер илинди](https://gdb.rferl.org/BB98BEB7-8344-4E47-AEEC-1D60FBEE4C9C_w800_h450.jpg)
Москванын Крым көпүрөсүнө шаршембиде эртең менен Орусиянын түрмөсүндө отурган украин режиссеру Олег Сенцовдун сүрөтү түшүрүлгөн баннер илинди.
8-августта Сенцовдун абакта ачкачылык кармап отурганына 87 күн болду.
Анын адвокаты Дмитрий Динзе түрмөгө барып, режиссердун абалын көрүп келгенден кийин Сенцов 30 килограммга арыктаганын, тамырынын соккону солгундап, бир мүнөттө 40 жолу кагып калганын билдирди. Ага карабастан, режиссер ачкачылыгын токтотуп, ооруканага жатуудан баш тартты.
Орусиянын Федералдык жаза аткаруу кызматынын Ямало-Ненецк автоном округу боюнча башкармалыгы Сенцовдун абалын “канааттандырарлык” деп баалап, “анын негизги органдарынын иштөөсүнө көмөктөшө турган дарылоо” жүрүп жатканын билдирди.
Сенцов 14-майдан бери Ямало-Ненецк округундагы Лабытнанги шаарынын "Ак аюу" деген түрмөсүндө ачкачылык кармап отурат.
Анын башкы талабы - Орусиянын абактарынан 64 украиналык саясий айыпкерди бошотуу.