Казакстанда 90дой чет элдик телеканал ишин токтотот
![Казакстанда 90дой чет элдик телеканал ишин токтотот](https://gdb.rferl.org/00188B83-EA35-4A68-BF04-3F8B6F7927A7_cx0_cy5_cw0_w800_h450.jpg)
Казакстанда “жаңы мыйзамга ылайык каттоодон өтпөй калды” деген негизде 90го жакын чет элдик телеканалдын лицензиясы алынарын коңшу өлкөнүн бийлиги билдирди.
8-августта Маалымат жана коммуникация министрлигинин сайтына жарыяланган билдирүүдө НТВ+ 3D, "Russia Today", "Радость Моя", "Nautical Channel", MUSICBOX, RU.TV, Fashion TV, "Dozhd", "TNT-Comedy" баштаган 88 телеканалдын лицензиясы жокко чыгарыла тургандыгы белгиленет.
Министрликтин билдирүүсүндө Казакстанда "Телерадио берүүлөр" жөнүндө жаңы мыйзам 9-январда күчүнө киргенден кийинки алты айда жогорудагы телеканалдар өз алдынча уюм катары каттоодон өтүп же кеңсесин ачпаганы айтылат.
Ушул тапта Казакстанда 307 чет элдик телеканал жана радио каттоодон өткөн. Алардын 219 өз өкүлчүлүгүн ачкан.