Абылгазиев «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө бекетинин иши менен таанышты
![Абылгазиев «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө бекетинин иши менен таанышты](https://gdb.rferl.org/C1345B11-9C50-44FD-BD18-F65B109A3AF5_w800_h450.jpg)
Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 11-августта, Чүй облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрмө бекетинин иши менен таанышты. Өкмөт башчы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү жайынын өтмөлөрү жана инфраструктурасын көрүп чыгып, адамдарды өткөрүү шарттары менен таанышты.
Анда көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоону баштоого даярдыктар тууралуу маалымат берилип, эки имараттуу комплекстин курулушу, инфраструктураларды модернизациялоо, заманбап техника жана жабдуулар менен камсыздоо каралган.
Абылгазиев пландалган реконструкцияны өз убагында жана сапаттуу аяктоо үчүн курулуш иштерине даярдык көрүүнү тапшырды.
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев маалымдагандай, бүгүнкү күнү көзөмөл-өткөрмө жайынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 10-11 миң адамга жана 800-1000 автоунаага чейин ылайыкталган. Модернизациялоо аяктаганда өткөрүү жөндөмдүүлүгү мындан эки эсе көбөйөт. (КЕ)