Курман айттын так датасы 12-августта белгилүү болот
![Курман айттын так датасы 12-августта белгилүү болот](https://gdb.rferl.org/D49DCD40-F1B3-4838-B926-AE6AE0FD0D06_cx0_cy7_cw0_w800_h450.jpg)
Курман айттын так датасы 12-августта белгилүү болот. Бул тууралуу муфтийдин орун басары Замир Ракиев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 11-августта айды кароо жөрөлгөсү болот.
- “Зулхижжа” же Зуль-каада айынын эсеби боюнча бүгүн 29у. Бул түнү ай көрүнүп калышы мүмкүн, көрүнбөсө мусулманчылыкта 30унан эсептелет. Сауд Арабияда ай карашат, биз дагы алар койгон күнгө карап койобуз. Азыр кайсы күнү айт болору расмий чыга элек.
Буга чейин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Уламалар кеңеши Курман айттын болжолдуу күнүн 21-августка белгилеген. Бирок бул дата айдын жаңырышына жараша бир күнгө жылып калышы да мүмкүн.
Курман айт ажылык сапардын этегине туш келет. Сауд Арабиясы быйыл ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн 5400 квота бөлгөн.
Алгачкы топ 25-июлда кеткен. Андан бери зыяратчылар топ-топ болуп Бишкек-Мадина, Ош-Жидда, Ош-Мадина багытында учушту. Жалпысынан 18 авиа каттам уюштурулду. Ар бир топто 300дөй зыяратчы, алты ажы башчы болду.
Быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстанга 5485 квота бөлгөн. (КЕ)