Мамлекеттик карыз 4 млрд. 411 млн. долларды түздү
Июнь айында Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызынын өлчөмү 4 млрд. 411,03 млн. АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Мунун ичинен тышкы карыз 3 млрд. 809,19 млн. долларды, ички карыз 601,84 млн. долларды түзөт.
Кыргызстандын эң көп бересеси Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет – ага Бишкек 1,7 млрд. доллардан ашуун сумманы төлөшү керек. Бул тышкы карыздын 45% жакынын түзөт.
Өкмөт быйыл январь-март айларында мамлекеттик карызды төлөөгө жалпысынан 1,87 млн. сом бөлгөн. (КЕ)