Жети айда өрттөн 36 адам каза болду
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кабарлашынча, өрттөн 25 адам жараат алса, өрт өчүргүчтөр 43 адамдын өмүрүн сактап калды.
Тилсиз жоонун негизги себептери катары электр жабдыктарын туура эмес колдонуу, отко этиятсыз мамиле кылуу көрсөтүлгөн.
Өрттүн көбүнчөсү турак үйлөрдөн чыккан.
Аймактар боюнча алып келгенде Чүй облусу жана Бишкек шаарында эң көп өрт кырсыгы катталган.
Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды өрт кырсыктарынын алдын алуу үчүн коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырууда.(BkA)